Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Ош: эрежесиз эр таймаш боюнча алгачкы эл аралык чемпионат өтөт


25-26-апрель күндөрү Ош шаарынын Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда эрежесиз эр таймаш боюнча алгачкы эл аралык ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» спорттун аталган түрүнүн федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди. Алгачкы ачык расмий мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын таанымал спортчулары катышат.

Беттештин биринчи күнүндө Кыргызстандын жети облусунан келген мушкерлер 7 салмак категориясы боюнча өлкө чемпиондугу үчүн таймашат. Жеңүүчүлөр спорттун чебери аталып, Эрежесиз эр таймаш боюнча Кыргызстандын курама командасына кабыл алынат.

Иш-чаранын экинчи күнүндө башка мамлекеттен келген спортчулардын таймашы болот. Ага эл аралык класстагы 12 мушкер катышат.

Кыргызстанда Эрежесиз эр таймаш федерациясы 2013-жылы расмий катталган. Учурда спорттун бул түрү 46 мамлекетте расмий спорт катары таанылган. (YI)

XS
SM
MD
LG