Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Аба ырайы: жаан жаайт


26-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда нөөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн.

Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 18...23,

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 15...20,

Баткен облусунда түнкүсүн 18...18, күндүз 15...20,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 16...21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз нөөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 16…18, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG