Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Непал: жер титирөөдөн каза тапкандар саны 700гө чамалады


Жергиликтүү булактар полициянын маалыматына таянып билдиргендей, зилзаладан кеминде 688 адам өлдү. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дарара мунарасы да кулап түштү. Урандылар арасында дагы кишилер бар экени айтылууда.

АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү түшкө жуук мамлекет борбору Катманду шаарынан 80 чакырым алыста болду. 15 чакырым тереңдиктеги силкинүү жарым мүнөткө созулуп, ал Индия менен Пакистанда да байкалды.

Жер силкинүүдөн улам Эверест чокусунда көчкү жүрүп, сегиз адам мерт кетти. Кар көчкү альпинисттер лагерин басып калганы айтылууда. Катманду аэропорту убактылуу ишин токтотту. Байланыш жана электр узатуу кызматында кыйынчылыктар болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG