Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсү кеңейтилүүдө


Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү.
Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү.

Жалал-Абад шаарындагы негизги деп эсептелген Ленин көчөсүнүн борбордук 400 метр бөлүгүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэри Салайдин Авазов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жолдун дал ошол бөлүгүндө дайыма унаа тыгыны болгондуктан, аны 4 метрге кеңейтүү пландалган. Тийиштүү кызматтар жол четиндеги электр мамычаларын жылдыра баштады.

Жол оңдоого шаар казынасынан 9,6 млн сом каралган. Ленин көчөсүн кеңейтүү демилгеси 2010-жылы көтөрүлүп, каражаттын тартыштыгынан жумуш жүргөн эмес. (RsK)

XS
SM
MD
LG