Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Йемендин түштүгүндөгү салгылашууда дагы 27 адамдын өмүрү кыйылды


Йемендин түштүгүндөгү шаарларда шиит козголоңчулары менен өкмөт күчтөрү ортосундагы 25-апрелде болгон кагылышуу 27 адамдын өмүрүн алды. Франциянын AFP агенттиги Далех шаарында эртең менен козголоңчуларга каршы истребителден сокку урулганын кабарлады. Аткылоолор шииттер басымдуулук кылып жаткан ири калаалардын бири - Аден шаарында да болгону айтылууда.

БУУнун маалыматы боюнча соңку бир айда козголоңчулар менен президент Абд Рабу Мансур Хадиге ишенимдүү күчтөрдүн ортосундагы согушта 1000ден ашуун адам набыт болгон. Арасында 115и балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG