Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Каракол: сессияны себепсиз калтырган депутаттарга нааразычылык айтылууда


“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” Каракол шаары боюнча бөлүмү шаардык кеңеш депутаттарынын сессияга катышуу активдүүлүгүнө жүргүзгөн байкоосунун жыйынтыгын чыгарды. Маалыматка ылайык, 2012-жылдан бери Каракол шаардык кеңешинде 24 жолу жыйын өтүп, анын 6 сессиясында кворум болбой калган. Жарандык коом өкүлдөрү депутаттар жыйынга келбей калуу себебин ачык көрсөтпөй турганын айтып, эл өкүлдөрүнүн активдүүлүгү өтө төмөн экенин белгилешүүдө. Кворумдун жоктугунан бир жарым айдан бери кеңештин төрагасы шайланбай келүүдө.

Депутаттар бул боюнча комментарий бере элек.

Каракол шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Кворумду камсыз кылуу үчүн сессияга 16 депутат катышуусу шарт. (AsA)

XS
SM
MD
LG