Бишкек шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктардын бири саналган Чернобыль атом электр станциясындагы жарылууда курман болгондор эскерилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Фучик атындагы эс алуу багында бүгүн уюштурулган митинг-реквиемге вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, шаардык кеңештин өкүлдөрү, вице-мэр Айгүл Рыскулова баштаган бийлик өкүлдөрү жана апааттын кесепетин жоюуга катышкан кишилер, “Чернобыль союзу” уюмунун өкүлдөрү катышты.
26-апрелде Украинадагы Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылууга 29 жыл толду. 20-кылымда орун алган ири кырсыктын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан.
Чернобль ардагерлерине мамлекет тарабынан айына 700 сомдон жөлөкпул төлөнөт. (SE)