Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

Украинада “Согуш токтосун!” деген ураан менен веложүрүш башталды


Веложүрүштүн картасы.
Веложүрүштүн картасы.

Украинанын чыгышындагы согушту токтотуу чакырыгы менен веложүрүшкө чыккандар жарым жыл ичинде ондогон өлкөлөрдү велосипедде кезип чыгышат. Акция 26-апрелде, Чернобыль атом электр станциясындагы жарылууга 29 жыл толгон күнү башталды.

Веложүрүштү бир жыл мурун Украинада түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк тынчтык лигасы уюштурууда. Лиганын мүчөлөрү Европа, АКШ жана Канаданын ири 100 шаарына барышат. Ар бир калаада көчөт эгип, ага “тынчтык жана достук дарагы” деген ат коюшат.

Украина чыгышында өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер арасында бир жылдан бери уланып жаткан согушта миңдеген кишилер каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG