Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Казакстан: жалпы шайлоочулардын 95 пайыздан ашууну добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Владимир Фоостун шайлоо участкалары жабылгандан кийин билдиришинче, бүгүнкү президенттик шайлоого шайлоочулардын 95,11 пайызы катышты.

Шайлоочулар Казакстандагы 9 миң 676, чет жердеги 65 шайлоо участкаларында добуш беришти. Добуш берүү Астана убактысы боюнча кечки 8де аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Владимир Фоос шайлоонун алдын ала жыйынтыктары эртең, 27-апрелде жарыялана тургандыгын айтты.

Бүгүн, 26-апрелде Казакстанда президенттик чукул шайлоо өттү. Шайлоого талапкер катары “Нур Отан” партиясынан Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Коммунисттик партиясынан Тургун Сыздыков жана өзүн-өзү көрсөткөн Профсоюздар федерациясынын башчысы Абилгази Кусаинов катышты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG