Лондондо чыкчу Sunday Times гезитинин жазышынча, Блаватниктин байлыгы 13, 3 млрд фунт стрелингге (20 млрд. доллар) барабар. Былтыр гезит аны Британиянын төртүнчү бай адамы деп аныктаган болчу. 57 жаштагы Блаватник музыка, өнөр жай жана медиа тармактарына инвестиция салып, бизнес кылат. 2014-жылы Британиядагы эң бай адамдардын тизмесинин башында Индияда туулган ага инилер: Сри жана Гопи Хиндужа турган. Быйыл бир туугандардын мал-мүлкү 13 млрд. фунт стерлингди (19, 7 млрд. доллар) түзгөн. Ханыша Елизавета бир жыл арасында дүнүйөсүн 10 млн. фунтка көбөйтүп, 340 млн. фунтка (516 млн. доллар) жеткирген. Бирок ханыша Британиянын 300 бай адамынын тизмесинен чыгып калган. (АУ)