Өткөн жылы Ак үйдүн компьютер системасына кирген орусиялык хакерлер президент Барак Обаманын электрондук дарегиндеги каттарды окуган. Бул тууралуу New York Тimes гезити жазып чыкты. Маалымат аты-жөнү ачык айтылбаган расмий өкүлдүн айткандарына таянып жарыяланган.
Ак үй быйыл апрелдин башында компьютер системасы бузулганын билдирген болчу. Бирок хакерлик чабуулдун артында Орусия тургандыгын Вашингтон расмий тастыктай элек. (SE)