25-апрелде Непалда болгон жер силкинүүдө каза тапкандардын саны 3200 кишиден ашты. Жарадарлар 6500дөн көп экенин расмий булактар билдирди. Борбор шаар Катманду калаасында жана ага жакын аймактарда көпчүлүк турак жайлар, анын ичинде тарыхый Дхарахара мунарасы да кыйрады.
Жер алгач 7,9 балл, андан бир саат өтпөй кайра 6,6 баллга жетип титиреген.
Эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сураган Непал өкмөтүнө түрдүү мамлекеттер гуманитардык жардамдарды жөнөтө баштады.
АКШнын Геологиялык кызматынын билдиришинче, эртеси 26-апрелде да жер 6,7 баллга жетип чайпалды. Анын натыйжасында Гималай тоолорунда кар көчкү болду.
25-апрель күнкү зилзаладан соң Эверест тоосунда кар көчүп, 18 альпинист өлгөн эле.
Силкинүү Индияда, Кытайдын Тибет өрөөнүндө жана Бангладеште да сезилип, ал жактарда 60тан көп адам апаат болду. (SE)