Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы “Азия чакырыгы” кубогунун мелдештеринде коло байгенин ээси болгонун Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мелдеш 18-апрелден 24-апрелге чейин Кувейтте өткөн.
Кубок үчүн Малайзия, Кувейт, Кыргызстан, Сингапур жана Индиянын курамалары ойношкон. Оюндар айлампа тартибинде өтүп, Кыргызстандын хоккейчилери 5 оюнда үч жолу жеңишке жетип, эки жолу утулуп 3-орунду ээлешти. Биринчи турда Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп, 2-турда Сингапур курамасына 4:2 эсебинде жеңилишкен. Андан кийин Оман курамасын 7:3, кийин 4-турда Индия курамасын ири айырма менен 9:1 эсебинде утуп алышты. Тилекке каршы чечүүчү беттеште Кувейт курамасына 9:3 эсебинде утулууга дуушар болушкан.
5 турдун жыйынтыгында бир да жолу утулбаган Кувейт курамасынын оюнчулары алтын медаль тагынышты. Төрт жеңиш, бир жеңилүү менен Сингапур хоккейчилери күмүш байгеге ээ болушту.
“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Бул кубоктун жеңүүчүсү Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алат.(ECh)