Бишкектеги Журналисттер аллеясында журналисттер, шаар мэри, депутаттар жана активисттер катышкан ишембилик өттү. Анда токойдогу таштандылар алынып, дарактар акталып, 100 көчөт отургузулду. Ишембилик аягында эстафета cаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге өткөрүлдү.
Ишембилик кезеги журналисттерден дарыгерлерге өттү

1
Эстафета-шыпыргы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге тапшырылды. Ал учурдан пайдаланып, өлкө аймагындагы оорукана жана медициналык мекеме жетекчилерине эмки жума аягында короо жайларын тазалоого оозеки буйрук берди.

2
Балыкчыдан Бишкекке жөө келген, дүйнөнү самолеттон башка бардык транспорт менен кыдырууну көздөп жаткан Азамат Жаналиев ишембиликте.

3

4
Ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов баштаган парламенттин жана шааркеңештин депутаттары да катышты.

5
Иш кызуусунда

6
Өндүрүш Токтонасыров коомду тазартуучулардын алдыңкы сабында

7

8

9
Ишембиликте ар кайсы жерге бекитилген табышмактарды таап алгандарга Али Токтакунов "Алайку азыктарынын" суусундуктарын жана футболкаларын белекке берүүдө.

10
Иш бүттү. Көңүл ток.