Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Бишкекте бөйрөк оорулуулар пикетке чыкты


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында бөйрөк оорулуулар жана алардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Алар өкмөттөн кошумча гемодиализ аппараттарын алып келүүнү жана акысын арзандатууну талап кылып атышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда гемодиализ же жасалма бөйрөк менен камсыздоо үчүн 1020га жакын адам кезекте турат. Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган.

Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат. Ал кезекке илинген бейтаптарга мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5200 сом. Кыргызстанда мындай 65 гана аппарат бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG