Оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү билдирди. Анын айтымында, суракка чакырган тергөөчү 16-апрелдеги парламенттеги билдирүүсү боюнча чакырылып жатканын айткан. Анда Жээнбеков түштүктө парламент төрагасы Асылбек Жээнбековду 2010-жылдагы июнь окуясында курал таратты деген сөз жүрүп жатканын билдирип, түшүндүрмө беришин талап кылган эле. Мындан улам Жээнбековдордун ортосунда пикир келишпестик жаралып, төрага сотко кайрылаарын билдирген.(BkA)