Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Непалда зилзала курмандыктарынын саны өсүүдө


Непал -- зилзаладан кийинки көрүнүш. 27-апрель, 2015-жыл.
Непал -- зилзаладан кийинки көрүнүш. 27-апрель, 2015-жыл.

Бул өлкөнүн бийликтери билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата кечээги зилзаладан курман болгондор саны 3200дөн ашты. Мындан сырткары 6500дөн ашуун адам жаракат алды. Зилзаланын артынан Гималай тоолорунда кар жана жер көчкү да жүрдү.

Гуманитардык уюмдардын айтымында, ооруканалар жаракат алгандарга толуп, дары-дармектер жетишсиз болуп жатат. Улуттар уюму катуу жаан-чачындын шартында көптөгөн адамдар көчөдө калганына, вакциналардын жетишсиздиги түрдүү илдеттерди жаратарына тынчсыздануу билдирүүдө.

Жер көчкүлөр тоодогу жолдорду жаап, жардамга муктаждарга куткаруучулардын жетишин кыйындатууда. Коңшу өлкөлөр дары-дармек, азык-түлүк, суу салган аскерий учактарын жөнөттү.

Кечээги зилзала Непал акыркы 80 жылда кабылган эң ири жер титирөө болду.

Күчү Рихтер таякчасы боюнча дээрлик 8 баллга жеткен зилзала борбор Катмандунун эски райондорун кыйратып, Индия, Бангладеш, Тибет, Пакистандын бөлүктөрүндө да сезилди. (UE)

XS
SM
MD
LG