Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Бел-Алма кени боюнча конкурстун экинчи айлампасы өтүүдө


Майдан айыл өкмөтүнө кире бериш, Кадамжай району, Баткен.
Майдан айыл өкмөтүнө кире бериш, Кадамжай району, Баткен.

Баткендеги Бел-Алма көмүр кенин чалгындоо боюнча конкурстун экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктен кабарлашты. Аталган конкурстун биринчи баскычы 14-апрелде өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча, арыз берген үч компания тең, “Беш-Арча”, “Перити-Коал” жана “Ормош ойл” ишканалары экинчи айлампага катышууга мүмкүнчүлүк алган. Экинчи турда кенди иштетүү боюнча алардын сунуштары, программалары каралат.

Бул кен жайгашкан Майдан айылдык кеңешинин депутаттары мурда жасалма лицензия менен көмүрдү мыйзамсыз казып келген ишкана конкурска башка ат менен кайрадан катышып жатканына нааразы болушууда. Алардын айтымында, көмүр кенин эки жылча мыйзамсыз иштеткен “Жаңы доор” ишканасы азыр конкурска “Ормош ойл” деген ат менен катышууда. Аталган ишкана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султановго таандык экени айтылып келет. Бирок эл өкүлү муну четке кагып, конкурстук комиссиянын мүчөлүгүнөн өз арызы менен чыгарылган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG