Израил армиясы билдиргендей, алар Сирия менен чек арага согушкерлер Голан дөңсөлөрүндө бомба алып жүргөнү байкалган соң сокку урду. Расмий маалыматта согушкерлер тобу бутага алынып, кол салууга жол берилбегени көргөзүлгөн. Бирок канча адам жок кылынганы айтылган эмес.
Израилдин чабуулунан төрт адам өлгөнүн Ирандын "Пресс ТВ" телеканалы кабарлады.
2011-жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын ичинен Израилге кол салуу мерчемделгенине эч ким жоопкерчилик алган жок.
Сириянын мамлекеттик медиасы да Израилдин чек арадагы аба соккулары тууралуу маалымат бербеди. (UE)