Премьер-министрликке талапкер жакынкы күндөрү тандаларын Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, парламентте жаңы премьер-министрге талапкерди тандоо боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатат.
Буга чейин парламенттен негизги талапкер катары экономика министри Темир Сариевдин аты аталып жатканын билдиришкен. Аны менен вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Валерий Диль жана Абдырахман Маматалиевдин талапкерлиги каралып жактанын "Ата Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев билдирген.
Буга чейинки премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл.(BkA/AiT)