Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

ЕККУ Казакстандын президенттик шайлоосун сындады


EККУнун байкоочу миссиясынын башчысы Корнелия Йонкер. Астана, 27-апрель, 2015-жыл.
EККУнун байкоочу миссиясынын башчысы Корнелия Йонкер. Астана, 27-апрель, 2015-жыл.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун пикиринде, Казакстандын кечээги президенттик шайлоосунда чыныгы оппозициянын жоктугунан жана ой-пикир билдирүү эркиндиги чектелгендиктен шайлоочулар үчүн тандоо аз болду.

ЕККУнун байкоочу миссиясынын башчысы Корнелия Йонкер бүгүнкү басма сөз жыйынында билдиргендей, “саясатта азыркы президент жана анын партиясы үстөмдүк кылат”, андыктан, шайлоочуларга “саясий альтернативаларды нукура тандоо” мүмкүнчүлүгү берилген жок.

ЕККУнун байкоочу миссиясы ошондой эле медиа чөйрө, ой-пикир билдирүү эркиндиги да “олуттуу чектөөлөргө” кабылды деп эсептейт. Алардын баштапкы баяндамасында шайлоо уюшкандыкта өткөнү, бирок “олуттуу процедуралык каталар”, добуш берүү, саноо, жыйынтыкты чыгаруу учурунда мыйзам бузуулар болгону, бюллетень таштоо көрүнүштөрү байкалганы да айтылган.

Бул аралыкта Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Дмитрий Мезенцев Астанадан шайлоо “ачык-айкын, эркин жана демократиялуу” өткөнүн белгиледи.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, кечээги мөөнөтсүз шайлоодо Назарбаевди добуш бергендердин 97,7% колдоду. Добуш берүүгө болсо элдин 95,22% келди.

Нурсултан Назарбаев ушуну менен мамлекет башчылыкка бешинчи мөөнөткө шайланды.

XS
SM
MD
LG