Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Жеңиш парадына Канттагы орус базасынын аскерлери да катышат


Орусиянын Канттагы аскер базасында, 12-август, 2012-жыл.
Орусиянын Канттагы аскер базасында, 12-август, 2012-жыл.

9-майда Бишкекте өтчү жеңиш парадына Орусиянын Канттагы базасынын аскерлери жана учактары да катышат. Бул тууралуу аскер базанын өкүлү Виктор Севастянов билдирди. Анын айтымында, Орусиянын базасы жайгашкан 15 жыл аралыгында Кыргызстандагы парадга орус аскерлери катышкан эмес. Быйыл Жеңиштин 70 жылдык урматына орус аскерлери алгачкы жолу катышмакчы.

Кант шаарындагы орус аскер базасы 2003-жылы ачылып, алгач он беш жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Аталган макулдашуу 2012-жылы 49 жылга узартылып, ага ылайык Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG