Киевде 27-апрелдеги саммитте Еврошаркеттин жетекчилиги Украинанын өлкөгө бейпилдик күчтөрдү жөнөтүү өтүнүчүн колдогон жок. Европа кеңешинин президенти Дональд Туск белгилегендей, азыр “аскерий миссия” жиберүү мүмкүн эмес.
Бирок Еврошаркет лидерлери Украинага гуманитардык жардамды көбөйтүүгө жана байкоо cалган жарандык миссияны мүмкүн болушунча тез арада жөнөтүүгө макул болду.
Еврошаркеттен Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин аткарылуусуна көзөмөл сала турган бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү президент Петр Порошенко суранган эле.
Киевдеги саммитке тушташ ЕККУнун мониторинг миссиясы Мариуполь шаарынын жанындагы Широкино шаарчасында атышуулардын ыргагы күчөгөнүн кабарлаган.
Атүгүл орусиячыл жикчилдер 9-майдан кийин Мариуполго чабуул коюшарын да айтышкан.
Украин армиясынын антитеррордук операциялар боюнча штабынын эсебинде, алардын турумдары акыркы 24 саатта кеминде 27 жолу аткыланган. (UE)