Түштүк Кореядан келген дарыгерлер бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, ал жакка барып дарылануунун күңгөй-тескейин айтып беришет. Бул үчүн Кореядагы эл аралык медициналык мекемелерде иштеген адистер келген. Алар менен байланышты мамлекеттик эмес уюмдар жүргүзөт. Андан сырткары өкмөт аркылуу да чет элде дарылоо программалары иштейт.
Кыргызстандыктар Түштүк Кореяга көбүнчө жүрөк ооруларын дарылоо үчүн барышат.
Соңку эки жыл аралыгында аталган өлкөдө кыргызстандык 20 бала “Кызыл Ай” коомунун жардамы менен акысыз дарылануудан өткөн. (SE)