Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

АКШ Непалга 10 миллион долларлык гумжардам жөнөтөт


Зилзала кесепети. Непал.
Зилзала кесепети. Непал.

Непалда ишемби күнү болгон жер силкинүүдө каза тапкандардын саны 27-апрелдин кечинде 3904 адамга жеткени расмий кабарланды. Мындан тышкары 7194 киши жаракат алды.

Силкинүүдөн улам бийик тоолордо кар жана жер көчкү да жүргөн. Мындан Эверест тоосунда 18 альпинист каза тапса, коңшу Индияда 61, Тибетте 25 адам кар алдында калган. Бийлик зилзала курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн айтууда.

25-апрель күнү жер алгач 7,9 балл, андан бир саат өтпөй кайра 6,6 баллга жетип титиреген. Эртеси күнү дагы 7 баллга жакын силкинүү болгон.

БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында кырсык болгон аймакка тамак-аш жеткирүү иштери жүрүп жатат. АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Непал элине 10 миллион долларлык гуманитардык жардам берерин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG