Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Жерүй боюнча сынактын экинчи айлампасы өтөт


Бүгүн Жерүй алтын кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча жарыяланган сынактын экинчи айлампасы өтөт. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашкандай, бул турда кенди иштетүүгө ат салышып жаткан ишканалардын сунуштары жана программалары Экономика министрлигинде каралат. Май айынын башында жеңүүчү аныкталат.

Сынактын биринчи айлампасынан “Алдан золото ГРК”, “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары өткөн.

Өкмөт былтыр да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ишке ашпай калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Азыркы баа 100 миллион доллар.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. (SE)

XS
SM
MD
LG