Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” китеби чыкты


Публицист, акын жана котормочу Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу китебинин бетачары бүгүн Бишкекте К.Баялинов атындагы китепканада өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” китептин түзүүчүсү Олжобай Шакир кабарлады. Анын айтымында, китепте маркумдун буга чейин эч жерде жарыяланбай келген эмгектери арбын.

Жыйнакка Токтомушевдин өзүнүн ырлары жана анын котормосундагы дүйнө адабиятынын алптары -А.Пушкин, Саади, М.Лермонтов, Б.Пастернак, Р.Рильке, Ж.Тардье жана башка акындардын чыгармалары топтолгон.

Токтомушевдин буга чейин “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Окурмандарга анын “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу публицистикалык китеби белгилүү.

Маркум 2014-жылы 67 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG