Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Караколдо бала бакча жетекчиси камалды


Караколдогу №2 балдар бакчасынын жетекчиси пара алды деген шек менен соттун чечими боюнча бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, тартип коргоо органдарына Каракол шаарынын тургуну баласын бала бакчага киргизүү үчүн жетекчи 4000 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Кылмышка шектүү облустук милиция прокуратура менен бирге жүргүзгөн оперативдик иш-чаранын негизинде өткөн жума күнү кармалган. (AsA)

XS
SM
MD
LG