Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

"Республика" коалицияга кошулууга даяр


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы жаңы өкмөттү куроодо көпчүлүк коалицияга кошулууга даяр экенин бүгүн фракция катчылыгынан кабарлашты. Фракция атайын жыйын куруп, жаңы өкмөт түзүүдө тиешелүү сунуш түшсө көпчүлүк коалицияга кошулуу чечимин кабыл алышкан.

“Эгерде азыркы коалиция таркай турган болсо, анда кийинки түзүлө турган коалициянын курамына «Республика» фракциясы кирүүгө толугу менен даяр. Коалицияга кирүү чечиминдеги эң биринчи максатыбыз - өлкөдөгү саясий айдыңда, анын ичинде Жогорку Кеңештеги ынтымакты бекемдөө", -деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Мындан соң президент өкмөт курамын толугу менен отставкага кетирген. Бул өкмөттү КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары түзгөн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы кураган. Аталган коалиция тарабастан, жаңы өкмөттү курай турганы айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG