Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

"Алтанзолото" Жерүй боюнча сынакка катышуудан баш тартты


Жерүй алтын кени, Талас.
Жерүй алтын кени, Талас.

Орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык “Алтанзолото” компаниясы Жерүй боюнча конкурстун экинчи айлампасына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу кенге конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын катчысы Руслан Курумшиев билдирди. Анын айтымында, компания сынак үчүн керектүү документтерди тапшырган эмес.

Мындай жол менен бүгүн өтүп жаткан конкурстун экинчи туруна “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары катышууда. Анда кенди иштетүү боюнча алардын сунуштары, программалары каралат. Май айынын башында компаниялардын арасынан жеңүүчү аныкталат.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Ушул тапта баштапкы баа 100 миллион доллар.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG