Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Балтимордо элди тынчытуу үчүн аскер киргизилди


АКШ -- Балтимордогу тоз-тополоң, 27-апрель, 2015
АКШ -- Балтимордогу тоз-тополоң, 27-апрель, 2015

АКШнын чыгышындагы Балтимор шаарында полициянын камагында каза болгон кара түстөгү кишини жерге койгондон кийин башталган тополоң-тозду токтотуу үчүн миңдеген полиция жана Улуттук гвардиянын аскерлери жайгаштырылды.

Шаардын айрым оодандарында башаламандык башталгандан кийин Мэрилэнд штатынын акими Лэри Хоган чукул абал киргизди. Дүкөндөр каракталып, үй, машиналар өрттөлдү. Бир апта мурда камакка алынгандан кийин алган жараатынан ажал тапкан 25 жаштагы Фредди Грей кечээ жерге берилген эле. Кагылышууларда аз дегенде 15 тартип коргоочу жараат алып, 25тен ашык киши кармалды.

XS
SM
MD
LG