Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарынын айланасында кечээ талип козголоңчулары менен өкмөттүк күчтөр ортосунда айыгышкан согуш болгонун ооган бийликтери кабарлады. Кундуз дубанынын акими Омер Сафи билдиргендей, согушкерлер дубандын 40 пайызын көзөмөлдөп турушат.
Сафинин "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиришинче, 3 миңдей куралчан дубандын беш ири ооданында согушуп жатат жана түштүккө караганда, алар өлкөнүн түндүгүнө көбүрөөк көңүл буруп жатышканы байкалууда. Ооган коопсуздук кызматынын сегиз өкүлү жана 20 чакты согушкер окко учкандыгы маалымдалды.