Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Жерүй боюнча сынактын жыйынтыгы 4-майда чыгат


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча конкурстун экинчи турунун жыйынтыгы 4-майда чыгарыларын конкурстук комиссиянын төрага орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, комиссия келип түшкөн сунуштарды карап көрүп, баалаган соң акыркы жыйынтыкты чыгарат.

Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурстун экинчи туруна үч компания өткөн эле. Алардын ичинен орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык делген “Алтанзолото” компаниясы сынакка катышуудан баш тартты. Мындан улам конкурстун экинчи туруна “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары гана катышууда.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG