Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

“Манас” аэропортунун жетекчилиги алмашты


“Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы, президенти болуп Эмир Чукуев шайланды. Мындай чечим аталган аэропорттун акционерлеринин жыйынында кабыл алынган. Ал эми мурдагы президент Албек Ибраимов аэропорттун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кала бермекчи. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Аэропорттун жетекчилиги бул маалыматты тастыктап, аталган чечим расмий түрдө 29-апрелде жарыяланарын кабарлашты.

Албек Ибраимов 2013-жылдан бери аэропортту жетектеп келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG