Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Коргоо министрлиги Кара-Суудагы окуя боюнча түшүндүрмө берди


Коргоо министрлиги Кара-Суунун Кызыл-Байрак жана Керме-Тоо айылдарына жакын жердеги аскердик машыгуу учурунда турак үйгө түшкөн снаряд боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбековдун айтымында, 27-апрелде машыгуу учурунда кокустан снаряддын калдыгы турак үйлөрдүн бирине түшкөн. Бул боюнча териштирүү жүрүп, аталган үйгө келтирилген зыянды министрлик төлөп бермей болду.

Буга чейин Оштун Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак жана Керме-Тоо айылдарындагы эки турак-үйгө аскердик машыгуу учурунда атылган снаряд түшкөнү белгилүү болгон. Андан үйлөрдүн чатыры талкаланган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG