Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Парламентте түрмөдөгү кыйноолор көйгөйү талкууланат


Казакстанда түрмөдө отургандарды кыйноо (Интернеттен алынган сүрөт)
Казакстанда түрмөдө отургандарды кыйноо (Интернеттен алынган сүрөт)

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында түрмөлөрдөгү кыйноолор жана тергөө учурунда шектүүгө карата көрүлүүчү катаал чаралар талкууланат. Депутаттарга Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков маалымат берет. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоочу 2014-жылга карата жүргүзүлгөн анализди баяндайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети өткөн жылкы баяндамасында Кыргызстанда кыйноо сейрек иликтене тургандыгын жазган. Эл аралык Мунапыс уюму да укук коргоочулардын аракеттерине карабай кыйноолор көз жаздымда калып жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG