Мамлекеттин аскер күчтөрү бир жыл мурун “Боко Харам” экстремисттик тобу уурдаган 200дөн ашуун окуучу кыз жана 93 айым куткарылганын билдирди. Бул тууралуу 28-апрелде өлкөнүн Жөө аскерлер бөлүгүнүн “Твиттердеги” расмий аккаунтунда жарыяланды. Барымтадагылар атайын операциянын алкагында куткарылганы кабарланган. Бирок толук расмий маалымат бериле элек.
2014-жылдын апрель айында “Боко Харам” тобу Чибок деген айылдан 200дөн ашуун окуучу кызды уурдап кеткен болчу.