Орусиянын Юстиция министрлиги оппозиционер Алексей Навальныйга таандык “Прогресс" партиясын каттоодон алып салды. Мекеме партия өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ишмердүүлүгүн толук жүргүзө албай жатат деп негиз келтирди. “Прогресс" партиясы 2016-жылкы парламенттик шайлоого маркум саясатчы Борис Немцовдун РПР-ПАРНАС партиясы менен чогуу барууга камданып жаткан эле.
Навальный өзүнүн сайтына “Бул, албетте, демократиялык коалиция түзүүгө карата жасалган реакция. “Прогресс" саясий уюм катары кала берет. Анткени партия – кагаз эмес, партия бул – адамдар жана идеялар” деп жазды.
Орусияда оппозициядагы саясатчылар бийлик аларды куугунтукка алып жатканын белгилеп келишет. Бирок Кремль муну четке кагууда. (SE)