Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Балдарга карата зомбулукка каршы тасма тартылды


"Кырдагы кыял" фильминен алынган кадр
"Кырдагы кыял" фильминен алынган кадр

“Кырдагы кыял” деп аталган тасма уруш-жаңжал көп болгон үй-бүлөдөгү балдардын жана ата-энеси ажырашкан өспүрүмдөрдүн психологиялык абалы жөнүндө баяндайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмдин режиссеру Назира Раимкулова билдирди.

Социалдык драма жанрындагы тасмада чоңдордун көйгөйүнүн балдарга таасир этиши, айрым учурларда алардын өз жанын кыйышына үйдөгү атмосфера себеп болору чагылдырылат. Ошондой эле уурулук, жеңил ойлуулук, кодулоо жана балдарга карата зомбулуктун кесепети көрсөтүлөт.

Фильм Талас облусунда тартылды. Анда негизги ролдорду жергиликтүү жашоочулар жана мектеп окуучулары ойноду. Ошондой эле белгилүү алып баруучу Назгүл Жамгырчиева да негизги образдардын бирин жараткан.

Фильм чоң экранга 21-майда чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG