Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Ырчы Наргиз Закирова Өзбекстанды тозокко салыштырды


Наргиз Закирова
Наргиз Закирова

Өзбекстанда төрөлүп, соңку 20 жылдан бери АКШда жашап жаткан ырчы Наргиз Закирова “Инстаграмдагы” баракчасына Өзбекстанды тозокко салыштырып жазды. Ырчы бул пикирин өзүнүн имиджин жана чыгармачылыгын айрым өзбекстандыктар сындап жатканынан улам жарыялаган. Ал өзүн мындан ары “өзбекстандык” деп айтпай турганын, бул мамлекеттен Америкага качып кутулганын, анын жакындары дагы эле кыйынчылыкта жашап жатканын билдирген.

Чачын кырдырып, денесин сүрөткө толтурган Наргиз Закирова эки жыл мурун Орусиянын “Голос” шоусуна катышкандан соң тааныла баштаган. Белгилүү “Ялла” тобунун солисти Фарух Закировдун тууганы.

Ырчынын билдирүүсү бир катар өзбекстандыктардын нааразылыгын жаратып, интернетте кызуу талкууланууда.

Ал арада Наргиз Закирова "Инстаграмга" дагы билдирүү жазып, аны "туура эмес түшүнгөндөрдөн" кечирим сурады. (SE)

XS
SM
MD
LG