Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

“Абдыш-Атанын” жетекчиси уурдалганы төгүндөлдү


“Абдыш-Ата” компанясынын жетекчиси Совет Сакебаев уурдалды делген маалымат төгүндөлгөнүн “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Сакебаевди белгисиз адамдар уурдап кетти деп телефон чалышкан. Бул арызды атайын оперативдик топ иликтөө баштаган. Иликтөө жүрүшүндө Сакебаев өзү милиция менен байланышып, айтылган маалымат жалган экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG