Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Чүйдө аскер техникаларын оңдоочу база ачылат


Кыргызстанда аскер техникаларын жана курал-жарактарды ремонттоочу атайын база ачылат. Бул тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусия аскер техникаларына жабдыктарды жиберет. Анын негизинде Панфилов районунда ремонттоочу база ачылганы жатат.

2012-2013-жылдардагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия кыргыз армиясына суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери айтылган. Анын алкагында ушул жылдан тарта артиллериялык куралдар, курал-жарактардын запастык бөлүктөрү, полигондук жабдуулар ж.б. аскерий техника келип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG