Ирандын күчтөрү Перс булуңунда Маршал аралдарынын желеги тагылган жүк тартуучу кемени камакка алды. Пентагондун билдиришинче, адегенде "Мэрск-Тигрис" (Maersk Tigris) кемеси Ирандын патрулдук кайыктарынын буйругун укпай койгондо, анын тумшугу тарапка эскертүүчү ок атылып, артынан ээрчүү буйрулган. Полковник Стив Уоррендин айтымында, АКШ куралдуу күчтөрү "Мэрск-Тигристин" кырсыкка кабылдык деген сигналына жооп ирети абалды көзөмөлдөө үчүн USS Farragut кемесин жана чалгынчы учакты жиберген. Ал кемеде АКШ жарандары жок экенин кошумчалады.
“Ал-Арабия” телеканалынын маалымдашынча, “Мэрск-Тигрис” кемеси Саудиядан Дубайга бараткан.