АКШ менен Кыргызстандын жарандарына эки өлкөгө каттоо үчүн беш жылдык виза берүү башталды. Алгачкы визаны 28-апрель күнү АКШ жарандары Кристофер жана Сара Кенион, ошондой эле алардын кызы Эмили алды. Вашингтондогу кыргыз элчилиги кабарлагандай, Кениондор үй-бүлөсү Эмилини Кыргызстандан асырап алган. Алар кыздын туулган өлкөсүнө тез-тез келип турууну максат кылышкан.
Апрелдин башында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана АКШ мамкатчысынын жардамчысы Ниша Бисвал беш жылдык виза боюнча тиешелүү өз ара нота жөнөтүшкөн. (SE)