Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Саудия: Өндүрүштүк кырсыкта 8 пакистандык өлдү


Полициячылар эр-Риад шаарындагы өкмөттүк имараттарды күзөтүшүүдө. 11-март 2011
Полициячылар эр-Риад шаарындагы өкмөттүк имараттарды күзөтүшүүдө. 11-март 2011

Саудия падышалыгында курулуп жаткан имарат кулап, пакистандык сегиз жумушчу курман болду. Касим шаарындагы Касим университетинин имараты кыйраганда өлгөн тогузунчу жумушчу кайсы өлкөдөн экени такталууда. Пакистандык жумушчулардын сөөктөрү урандылардын астынан чыгарылганы, дагы башка 15 жумушчунун тагдыры белгисиз экени 29-апрелде маалымдалды. Алты жумушчу түрдүү деңгээлде жараат алган.

Имарат суюк цементти имараттын төбөсүн жапканы төгүп жаткан учурда кыйрган.

Касим университетинин имаратынынын курулушунда пакистандыктардан башка да египеттик жана бангладештиктер көп иштешет.

XS
SM
MD
LG