Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Сузакта согуш ардагерлерине 20 унаа белекке берилет

9-май - Жеңиштин 70 жылдыгына карата райондогу 20 согуш ардагеринин ар бирине автоунаа белекке берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Демилгени райондук бийлик көтөрүп, жергиликтүү ишкерлер колдоого алган жана 4,3 млн. сом жыйналган.

Мындан сырткары Ала-Бука районунда 17 ардагердин ар бирине жасалгалуу ат берилмекчи.

Учурда облус аймагында согуштун 159, ооруктун 191 ардагери жашайт.(RsK)

XS
SM
MD
LG