Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтынды” жетектейт

Алмаз Алимбеков.
Алмаз Алимбеков.

“Кыргызалтын” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Алимбеков дайындалды. Тийиштүү буйрукка 29-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев кол койгонун “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты. Анын талапкерлигин ишкананын директорлор кеңеши сунуштаган.

Алимбеков буга чейин Экономика министрлигинде табигый ресурстар башкармалыгын, андан соң өкмөттүн Өнөр-жай жана отун-энергетика комплекси бөлүмүн жетектеген.

“Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Токон Мамытов 10-апрелде кызматтан кеткен. Анын милдетин ишкананын башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров убактылуу аткарып турган. (SE)

XS
SM
MD
LG