Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Сузакта Көгарт дарыясында суу ташкын коркунучу күчөдү


Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында Көгарт дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп, 29-апрелде №9 дамбанын айланасындагы 800 метрдей жерди суу жууп кетти. Мындан улам Ынтымак айылындагы 54 үйгө кооптуу абал жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Райондук бийлик дарыя жээгин бекемдөө иштерин баштады. Соңку күндөрү жаан-чачынга байланыштуу бир катар аймактарда каналдардан суу ташып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG