Орусиянын “Роскосмос” мекемеси жүк ташуучу “Прогресс” космостук кемеси жарактан чыкканын расмий тастыктады. Ишкана жетекчиси Игорь Комаров кемени кайра нукка салуу үчүн Эл аралык космостук станция менен чогуу иш алып баруудан пайда жок экендигин айтты.
28-апрель күнү Казакстандагы Байкоңур космодромунан “Союз” ракетасында космоско учкан “Прогресс” Эл аралык станцияга жүк алып чыгышы, ал жактан таштандыларды кайра алып түшүшү керек болчу.
Жер менен байланыш үзүлүп, тийиштүү орбитага жете албаган кеме эч кандай көзөмөлсүз кайра кулап жатат.
“Роскосмос” 7-майга чейин “Прогресс” Жер атмосферасына кирип, күйүп жок болорун маалымдады.
Эл аралык космостук станциядагы NASA астронавты Скот Келли келерки жүк ташуучу кеме келгенге чейин эч кандай кыйынчылык жаралбай турганын кабарлады.
Кезектеги жүк ташуучу космостук кеме июнь айында АКШнын жеке SpaseX компаниясы тарабынан учурулат. (SE)