Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Сариев бош турган министрликтерге талапкерлерди атады


Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Темир Сариев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде программасы менен тааныштырууда. Ал негизги милдети катары өкмөттүн кадыр-баркын күчөтүп, адискөй команда түзүүнү атады. Сариевдин айтымында, өкмөттүн түзүмү менен курамында көп деле өзгөрүү болбойт.

Ошондой эле учурда бош турган министрликтерге талапкер сунуштай турганын билдирди. Ал экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, финансы министрлигине экономика министринин орун басары Адылбек Касмалиевдин, транспорт жана коммуникация министрлигине “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргымбек Малабаевдин талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал эми экономика министрлигин Темир Сариев өзү башкарчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG